Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мураке айылындагы Салкын Бегалиева атындагы жалпы билим берүү орто мектеби  тууралуу жалпы маалымат: Салкын Бегалиева  атындагы жалпы  билим берүү орто мектеби Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Москва районунун Мураке  айылында жайгашкан.Мектеп муниципалдык бюджетте, жергиликтүү башкаруу органы Ак Суу айыл аймагына караштуу. Мектеп алгач “Мураке” мектеби болуп 1933-жылы 4 класс болуп негизделген. 1943-жылы Мураке айылында “Ленин” атындагы толук эмес 7 жылдык мектеп болуп ачылган.  1943-1945- жылдары  Мурзакматов Асан жетекчи болуп ишеген.1945-1950-жылдары Кешикбаев Асылбаш жетекчи болуп иштеген. 1950-1953-жылдары Ленин мектебинде Сулайманов Бейшен жетекчи  болуп эмгектенген. 1953-1976-жылдары Ленин атындагы 8 жылдык мектеп  болуп ишке кирген.  Жетекчиси Кадыркулов Мырсалы болгон.  1972-жылы мектептин экинчи бөлүгү курулат. 1977-жылы сентябрда Ак-Торпок  айылында Ленин мектебинин жаңы үч кабаттуу  имараты  курулуп  ачылат. Мектеп  он жылдык  болуп  түзүлөт.  Анда Кадыркулов Мырсалы улантып, жетектеп келет. Ал мектепте Мураке жана Ак-Торпок айылдарынын балдары окушат. 1989-жылдан  баштап  Ленин атындагы  орто мектебинде Ниязалиев Камчыбек жетектеген. 1994-жылы Мураке айылындагы мектеп  капиталдык ремонттон  өтүп, “Мураке” атындагы толук эмес мектеп  болуп  ачылат жана мектепти Дунганова  Арсыкан Уйчиевна жетектеп баштайт. 1998-жылы мектепке Салкын Бегалиеванын ысымы ыйгарылып орто мектепке айланат. 1994-жылдан 2018-жылга чейин мектепти Дунганова Арсыкан Уйчиевна жетектеген.  Мектептин жаңы имараты 2014-жылы курулуп баштап,  2019-жылдын 1-сентябрында ишке киргизилген, 150 окуучу орунга эсептелген. 11 класстык бөлмө, анын ичинде компьютердик бөлмө бар, китепкана, мугалимдердин бөлмөсү, директордун, окуу завучунун бөлмөсү,уюштуруучунун бөлмөсү, лаборатория, спорт зал,  ашкана жана фойе бар. Учурда 164 окуучу окуп жатат. Мектеп типтүү проект менен салынган жана эки кабаттуу. Жалпы аянты 1513,98 чарчы м.кв. Мектеп көмүр менен жылытылат. Мектептин жетекчиси Чормокеева Салтанат Шейшеналиевна. Мектеп жамаатында 16 мугалим эмгектенет. Салкын Бегалинва  атындагы жалпы  билим берүү орто  мектебинин педагогикалык жамааты мектептин окуу процессин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын, Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнүн жана мектептин Уставынын негизинде иш жүргүзүлүп келет.

 

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета